• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

ЖКнын эки комитети COVID-19га каршы өкмөттүн маалыматын угат

14 Чын куран 2020 9:28 Бишкек Govori.TV

14-апрелде Жогорку Кеңештин эки комитети жазгы айдап себүү иштери жана коронавируска каршы күрөш боюнча өкмөттүн маалыматын угат.

Күн тартибинде азык-түлүк коопсуздугу, COVID-19 вирусуна каршы туруу боюнча иштерге тартылган кызматкерлерге көрүлгөн камкордук, кенемте төлөө, чет жакта калган кыргызстандыктарды алып келүү иштери жана өзгөчө абал режиминде Бишкекте айрым ишкерликтин түрлөрүнө чектөөлөрдү жумшартуу маселеси бар.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган өкмөт мүчөлөрү маалымат берет.

Кыргызстанда коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында 22-марттан тартып өзгөчө кырдаал киргизилген. 25-марттан бери оору көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда өзгөчө абал жарыяланган. Бул аймактарда саат 20:00 — 7:00 аралыгында көчөдө жөө адамдар да, машине да жүрбөшү керек.

13-апрелде коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб президент Сооронбай Жээнбековго Кыргызстандагы айрым шаарларда жана райондордо өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдерин узартуу жөнүндө сунуш киргизди.

Количество просмотров: 64