• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

ЖКнын көпчүлүк коалициясы Мадумаровдун талапкерлигин колдоду

12 Бирдин айы 202012:22 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаровдун вице-премьерлик кызматына талапкерлигин колдоду. Депутаттар суроо-жоопсуз анын талапкерлигин кароо чечимин кабыл алышты.

Мадумаровду коалицияга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырды. Өкмөт башчы Мадумаровдун Баткенде иштеп көйгөйдү жеринен билерин айтып, андыктан чек ара маселесин тескей ала турганын белгиледи.

Эми Акрам Мадумаровдун талапкерлиги жалпы парламентке алып чыгылат.

11-февралда вице-премьер Жеңиш Разаков берген арызынын негизинде кызматтан бошотулган

Количество просмотров: 42