• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Жогорку Кеңештин кембагалдары

8 Жетинин айы 2018 17:21 Бишкек Govori.TV

Бишкек.08.11.2018.Govori.TV

Мамлекеттик салык кызматы Жогорку Кеңештин кембагал депутаттарынын декларациясын жарыя кылып, бул социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратууда.

Эл өкүлдөрүнүн декларацияларында Кеңештин көпчүлүгүнүн баш калкалаар жайы жок экендиги дароо көзгө урунат. Анткени, алардын декларациясындагы кыймылсыз мүлк деген графада ар кандай курулуштар, пансионаттар же өндүрүш обьектилери жазылганы менен үй-жайлары көрсөтүлгөн эмес.

Алардын арасында Жыргалбек Турускулов баш болгон «Республика — Ата Журттун» фракциясынын 15 депутатынын, КСДПнын 13 депутатынын үй-жайлары декларацияда жазылган эмес. Жада калса фракциянын лидери Иса Өмүркуловдун декларациясында үйү жок болуп чыккан. “Кыргызстан” фракциясынын 8 депутаты, “Бир Бол” партиясынын 3 жана “Өнүгүү-Прогресс” жана “Ата Мекен” фракциясынын 4 төн өкүлдөрүнүн батирлери жок болуп чыккан.

Количество просмотров: 31