• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

ЖМК: Саймаитини өлтүрүүгө шектелип Кыргызстандын жана Сириянын жарандары кармалды

12 Жетинин айы 2019 15:16 Бишкек Govori.TV

Түркиянын Стамбул шаарында ишкер Айэркен Саймаитини өлтүрүүгө шектелип үч киши кармалды. Бул тууралуу түрк басылмаларына таянып sputnik.kg агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, кармалгандардын экөө Кыргызстандын, бирөө Сириянын жараны экени айтылган.

Шектүүлөр Түркиянын Адана аймагынан Сирияга өтүп кетүүгө аракет кылган учурда колго түшкөн.

ЖМКлардын жазышынча колго түшкөн кыргызстандыктардын аты-жөнү Хусейин Ахматалиев менен Абдуллах Энвер. Шектүү катары кармалган сириялыктын аты Али Исбех.

Эске салсак, Стамбулда куралдуу кол салуунун кесепетинен ишкер Айэркен Саимаити каза болду. Анын ысымы Кыргызстандын чыгарылган 700 млн доллар тууралуу журналисттик изилдөөдө айтылган болчу.

Количество просмотров: 201