Бишкек.14.08.2019.Govori.TV.
КСДПнын төрагасы Кундуз Жодубаеванын үйүндө аскер прокуратурасы тинтүү жүргүзүүдө. Бул тууралуу «Апрель» каналынын сайты Кундуз Жолдубаевага шилтеме берип жазды.
Маалыматка ылайык, Жолдубаева азыркы учурда жактоочусун күтүп жатканын айткан.
Эске салсак, 7-8-августта Кой-Ташта Атамбаевди кармоо учурунда эки тарап кагылышып, атайы кызматтын аскери каза болуп, бир нече адамдар жаракат алган. Бул окуяга байланыштуу Кундуз жолдубаева бир нече жолу суракка чакырылган.