Бишкек.01.09.2019.Govori.TV.
Сокулук районуна караштуу Ново-Павловка айылындагы Алтын-Ордо жаңы конушундагы үйүнөн 29-августтан 30-августка караган түнү чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгон 2006-жылы туулган Зейнура Руслан кызы Бишкектен табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен кабарлашты.
«Жоголгон кыз Сокулук РИИБинин кызматкерлери тарабынан 31-августта 05:00 чамаларында Бишкекте аман-эсен табылган. Кыз классташы менен туугандарына айтпай Бишкекке сейилдегени чыгып кеткенин айткан. Азыркы учурда кыз ата-энесине өткөрүлүп берилди», — деп айтылат маалыматта.