• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жоголгон тогуз жаштагы Сумаянын сөөгү табылды

28 Жетинин айы 20210:54 Бишкек Govori.TV

Сузакта он күндөн бери дайыны чыкпай жаткан тогуз жаштагы Сумая Хосилжонованын сөөгү табылды.

Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, аны 27-ноябрда Арал айылынын аймагынан, Көгарт дарыясынын жээгинен табышкан. Сөөктү кыздын атасы тааныган.

Милиция териштирүүнү улантууда.

Облустук милициянын маалыматына ылайык, 2012-жылы туулган Сумая үйүнөн 18-ноябрь күнү саат 12:40 чамасында мектепке чыгып кеткен. Бирок ошол күнү окууга барган эмес. Сумаяны айрымдар маршруткага түшүп кеткенин көрүшкөн.

Количество просмотров: 3288