• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жогорку Кеңеш 2024-жылга республикалык бюджеттин долбоорун жактырды

14 Бештин айы 2023 14:13 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 14-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “КР 2023-жылга жана 2024–2025-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”, “КР 2024-жылга жана 2025–2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” мыйзам долбоорлорун экинчи жана үчүнчү окууда талкуулап, кабыл алышты.

Жыйынга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган министрлер кабинетинин мүчөлөрү катышты. Жыйын “суроо-жооп” форматында өттү.

Талкуу маалында депутаттар Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттары боюнча өз пикирлерин билдиришип, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча бир катар сунуштарын беришти.

Алсак, депутат Дастанбек Жумабеков бюджеттин күтүлүп жаткан профицити боюнча оң пикирин айтып, Айтматов районуна караштуу Кызыл-Адыр айыл өкмөтүнүн инфратүзүмүн өнүктүрүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү керектигин белгиледи.

Ал эми эл өкүлү Айбек Осмонов республика боюнча социалдык объектилерди куруу долбоорлорун натыйжалуу ишке ашыруу максатында мамлекеттик курулуш агенттигинин статусун министрликтин деңгээлине көтөрүү маселесин кароону министрлер кабинетине сунуштады.

Депутат Алишер Козуев Кара-Суу району өлкөдөгү калктын саны боюнча эң чоң аймактардын бири экенин айтып, Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу турак жай куруу зарылдыгына көңүл бурду.

Депутат Улугбек Ормонов мектептерде ата-энелерден акча чогултууга тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгын эске салып, келерки жылдын бюджетинин долбоорунда мектептердин чарбалык муктаждыктары үчүн каражаттар камтылганбы деген суроону койду.

Экономика жана финансы министринин биринчи орун басары Алмаз Бакетаев бул максаттарга 2024-жылга кошумча 137 млн сом бөлүнгөнүн маалымдады.

Талайбек Масабиров тармактык комитеттин жыйындарында бюджеттин долбоорун кароодо капиталдык курулуштар боюнча толук жоопторду алганын белгилеп, ошондой эле элдин саламаттыгын сактоо боюнча бир катар маселелерди көтөрдү.

Депутат Мейкинбек Абдалиев учурда жарандарга электрондук кол тамга жеке компания тарабынан берилип жатканын сындап, бул ишти мамлекеттик ишкана колго алса, ошого жараша киреше мамлекеттик бюджетке түшүп турмак деген пикирин билдирип, өкмөттү бул багытта тиешелүү чараларды көрүүгө чакырды.

Теги:
Количество просмотров: 53