• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жогорку Кеңеш Атамбаевдин түбүнө жеткени калды

4 Тогуздун айы 2018 17:30 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 04.10.2018. Govori.TV
Конституциялык палата экс президенттин кол тийбестигин алуу механизмин иштеп чыгууга макулдук берди. Бирок бул жараяндын ишке ашуусу өтө татаал болушу мүмкүн. Анткени анын кол тийбестигин алуу аны кызматтан алууга караганда да татаал жараян болору айтылууда. Мындан ары мурдагы Атамбаев кол тийбестигенен ажырайбы же жокпу депутаттардан көз каранды.
Конституциялык палата «Президенттин ишмердүүлүгүнүн кепилдиги тууралуу» берене мыйзамга каршы келерин айтты. Мындан улам экс президентти жоопко тартуу тапшырмасын өкмөткө өткөрүп бергендиги белгилүү болду.
Кээ бир эл өкүлдөрүнүн пикиринде бул мыйзамга өзгөртүү киргизилиши керек. Анткени экс президенттер “кол тийбестик” укугуна таянып, жоопко тартылбай келет.
Бул маселе боюнча айрым депутаттар Конституциялык палата кандай чечим чыгарса да макул экенин билдиришти.
А бирок депутат Карамат Орозованын оюнда эски мыйзамды алмаштыруу мүмкүн эмес.
Конституциялык палата экс президенттин кол тийбестигин алуу механизмин иштеп чыгуу маселесин көтөрүп чыгаары менен, Алмазбек Атамбаевдин коргонуу чарасын көрүп баштаганы байкалды. Экс-президент Алмазбек Атамбаев Бишкек жылуулук электр борборун жаңылоо боюнча билдирүү жасап, анын баасы Борбор Азиядагы эң төмөнкү нарк болгонун белгилеген.
Бул пикирди жогорку кеңештин депутаты Алмазбек Токторов  четке какты.
Мындан ары экс президенттердин тагдыры кандай болоору, Жогорку Кеңештин кийинки жыйналыштарында белгилүү болот.

 

Количество просмотров: 27