• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Жогорку Кеңеш Конституциялык палатанын 3 судьясын кызматынан бошотту

14 Бугу 202016:26 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 14-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялары Чынара Айдарбекова, Чолпон Осмонова менен Айсалкын Нарынбекованы кызматынан бошотуу маселесин карады.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы, депутат Канат Керезбеков аталган үч судьяны кызматынан бошотуу тууралуу чечим Судьялар кеңеши тарабынан кабыл алынганын кабарлады.

Количество просмотров: 173