• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жогорку Кеңеште актриса Назира Мамбетовага үй суралды

15 Бирдин айы 2018 11:33 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 15.02. 2018. Govori.TV
“Кыргыз СССРнин эмгек сиңирген артисткасы Назира Мамбетовага Өкмөттөн үй алып берүүнү суранам.” Мындай сөздү, ЖКнын жыйыны учурунда ждепутат Ирина Карамушкина айтты.  Ал белгилгендей, учурда маданият министрлиги өз тармагындагылар кандай шартта жашап жаткандыгыннан кабар алышы керек.
“Жакында таланттуу актрисанын юбилейлик кечесинде болуп, чыгармачыл чөйрөнүнүн эл өкүлдөрүнө, өкмөткө нааразычылыгын уктум. Бүгүнкү күндө маданиятка эмгеги сиңген талантуу адамдар ар кандай оор шарттарды башынан кечирип келишет. Мен премьер-министрден Назира Мамтовага үй алууга каражат таап, белек кылууну суранам. Ал бүгүн өзүнүн үйү жок, начар шартта башка бирөөнүкүндө жашап жатыптыр. Биз маданият өкүлдөрүнө кам көрүүгө тийишпиз”,-дейт ал.
Эске сала кетсек, Назира Мамбетова — Кыргыз СССринин эмгек сиңирген артисти. Ал былтыр 70 жашка чыкты. Учурда Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук Драмалык Театрында эмгектенет
Количество просмотров: 46