• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жогорку Кеңеште таза суу менен камсыздоочу “Ала-Тоо булагы” долбоору үзгүлтүккө учуроо коркунучунда тургандыгы эскертилди

11 Тогуздун айы 2018 12:08 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 11.10.2018. Govori.TV
Бүгүн, 11-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынындагы “Ар кыл маселелер” саатында айылдарды таза суу менен камсыз кылуу көйгөйү айтылды.
Депутат Каныбек Иманалиев өлкө аймагы боюнча жүздөгөн айылдар таза суу менен камсыздалбай жаткан маалда бул багытта иш алып барган “Ала-Тоо булагы” долбоору үзгүлтүккө учуроо коркунучу тургандыгын көтөрүп чыкты.
“Долбоордун жетекчисинин кесипкөйлүгүнүн төмөндүгүнөнбү же шалаакылыгынанбы айтор, буга чейин ишке ашырылып келаткан долбоорлорду каржылоо токтоп, 14 млрд сомдук иш үзгүлтүккө учураганы жатат”,-дейт Иманалиев.
Буга байланыштуу жөнөкөй кызматкерлер эмес, 52 инженердик кадрлар иш таштап жатканы дагы бекеринен эмес. Эл өкүлү эл аралык уюмдар аталган долбоору каржылоодон баш тартышы мүмкүндүгүн чечмелеп берди.
Депутат Үмбөталы Кыдыралиев дагы “Ала-Тоо булагынын” Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаарындагы ишке ашырып жаткан долбооруна жергиликтүү тургундардан көптөгөн нааразычылыктар келип жаткандыгын экинчи ирет көтөрдү. Элдин кайрылуусунда Кербенде таза суу менен камсыздоо иштери курулуш ченемдери такыр сакталбай жүргүзүлүп жатат.
Количество просмотров: 14