Бишкек.15.04.2019.Govori.TV.

Жогорку Кеңештин Социалдык иштер боюнча комитетинин жыйынында депутат Т. Икрамов менен Е. Строкова ызылдашты.

Строкова кесиптешинин орой мамилесин айтып, ага модераторлукту бербөөнү талап кылуу менен “Билими жок билимдин отличниги” -деп атады.

Т. Икрамов кезеги менен жооп кайтарып, Евгения Строкованын өз билемдик менен саламаттык сактоо министрлигинин ишин текшерүүгө алгандыгын сындап, кесиптешин күнөөлөдү