Жогорку Кеңешке жаңы депутат болуп келген Замирбек Эсанаманов менен Бейшенаалы Нурдинов ант берди. Парламенттин бүгүн, 10-июндагы жыйыны башталды.
Эсенаманов Замирбек Садыбакасович «Кыргызстан» саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттык мандатын алды. Ал өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү жөнүндө БШКга арыз жазган депутат Руслан Чойбековдун ордуна келди.
9-июнда Бейшенаалы Нурдинов «Кыргызстан» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталган. Ал «Кыргызстан» партиясынын лидери болгон Алмазбек Баатырбековдун ордуна келди.