• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Жогорку Кеңеште жаңы коалиция түзүү сунушталды

10 Чын куран 20199:59 Бишкек Govori.TV

Бишкек.10.04.2019.Govori.TV.

Жогорку Кеңеште жаңы коалиция түзүү сунушталды. Бул боюнча бүгүнкү жыйында депутат Исхак Масалиев билдирди.

«Жогорку Кеңештеги азыркы коалициялык көпчүлүк мыйзамга дал келбейт. Ал коалицияга төрт фракция кирген деп айтылат, бирок “Республика Ата-Журт” фракциясы өткөн жылы коштурулган болчу. Муну мыйзамга туура келбеген кадам деп эсептеш керек. Мыйзам талабына ылайык, коалиция түзүлөт, эч кандай кемитүү же кошуу деген түшүнүк жок. Коалиция бир жолу түзүлөт, курамы өзгөргөндө жаңыдан түзүлөт. Экинчиден, коалициянын негизин түзгөн фракциянын өз партиясы менен талаш-тартыш болгон учур жалпы Жогорку Кеңешке чоң зыян келтирет. Кеп эң чоң фракция КСДП тууралуу болуп жатат. Убакыт келди, төрдү бошотуш керек. Убакытты созбой жаңы коалиция түзүшүбүз керек. Ага КСДПдан тышкары бардык фракциялар кошулушу керек»,- деди Масалиев.

Ага көпчүлүк коалициянын лидери Иса Өмүркулов фракциясынын коалицияда калышы мыйзамдарга каршы келбестигин айтты.

«Коалиция иштеп жатат. Ага киреби, чыгабы аны ар бир фракция өзү чечет. Ооба, биздин партия фактически да, де -юре дагы экиге бөлүндү. Мамлекеттик саясатты колдогондор жана ага каршы партиялаштар бар. Партиянын бир бөлүгү оппозицияда, биз фракция коалицияда калабыз. Бул биздин чечим», — деди ал.

Количество просмотров: 22