УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн оперативдүү иликтөө иштеринин жыйынтыгында Миграция кызматынын Маалыматтык-кеңеш борборунун директору Бактияр Төлөнов пара менен кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жазды.
24.kg сайтынын маалыматына ылайык, Төлөнов жарандарды чет өлкөгө иштөө үчүн квота берген комиссиянын төрагасы болгон. Ал жарандардан 800 Акш долларын талап кылган.
Белгилей кетсек, Бактияр Төлөнов Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Төлөновдун бир тууганы экени маалым.