• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Жогорку Кеңештин депутаттары 1-апрелде кезексиз жыйынга чогулат

31 Жалган куран 2020 16:06 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаттары 1-апрелде кезексиз жыйынга чогулат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан кабарлады. Азырынча кезексиз жыйындын күн тартиби белгисиз.

31-мартта парламенттин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин мүчөлөрү кезексиз жыйын өткөрүштү. Анын жүрүшүндө Салык кодексине киргизилчү өзгөртүүлөр, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө», «Инновациялык иш жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» мыйзамдарга киргизилчү өзгөртүүлөр жана «Валюталык инфляцияга жана COVID-19дун жайылышына байланыштуу терс социалдык-экономикалык кесепеттерди азайтуу боюнча чаралар жөнүндө» Жогорку Кенешинин токтомунун долбоору каралды.

Буга чейин Жогорку Кеңеш 24-мартта кезексиз жыйынга чогулуп, президент Сооронбай Жээнбековдун өлкөнүн бир катар аймактарында өзгөчө абал режимин киргизүү тууралуу жарлыгын колдогон. Ал жыйындын жүрүшүндө төрага Дастанбек Жумабеков парламент кадимки режимде иштей турганын айткан болчу.

Количество просмотров: 68