• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кетет деген каржы министри дарбазаны катуу коргоду

15 Тогуздун айы 201812:59 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 15.10.2018. Govori.TV

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары жана Өкмөт мүчөлөрү  кичи футбол аянтчасында мелдешти. Аталган оюнга Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган эл өкүлдөрү жана Премьер-министр Мухаметкалый Абылгазиев башында турган Өкмөт мүчөлөрү катышты.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев
Алгач оюнчулар тайпаларга бөлүнүп, Жогорку Кеңештен эки тайпа жана министрлер кабинетинен эки тайпа чыкты. Оюндун жүрүшүндө катуу таймаш жүрүп, эл өкүлдөрү  мыкты оюн көрсөтүштү.

Иш-чаранын максаты, намыскөйлүккө жана көрөгөчтүккө тарбияоо болуп саналат.

Оюндун соңунда Өкмөт мүчөлөрүнөн турган  биринчи тайпа 1-орунду багындырып атайын медаль жана кубок менен сыйланды. Ал эми Жогорку Кеӊештин эки тайпасы 2-жана 3-орунду ээледи. Ал эми төртүнчү орунду министрлер кабинетинин экинчи командасы утту.
Количество просмотров: 64