• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Жогорку Кеңештин депутаты коронавирус жуктуруп алды

19 Кулжа 202019:50 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Бейшеналы Нурдинов коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Kaktus.media агенттиги өздүк булактарга таянып жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, эл өкүлү вирусту кантип жугузуп алганы белгисиз. Мындан улам фракциясынын баардык аппараты жана партиянын депутаттары коронавируска тест тапшырышкан.

Айта кетсек Нурдинов жаңы вице-премьер-министр болгон Алмазбек Баатырбековдун ордуна келген.

Эске салсак ЖКнын басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу тажы илдетин жуктуруп алганы кабарланган. Ал менен байланышта болгондордон анализ алынган. Алардын арасында депутаттар Каныбек Иманалиев жана Акылбек Жапаровдун анализи таза чыккан.

Количество просмотров: 474