Бишкек.18.06.2019.Govori.TV.
Бүгүн мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча түзүлгөн атайын депутаттык комиссия бүгүн ишин жыйынтыктады.
Анда депутаттык комиссия мурдагы мамлекет башчысына алты бөлүмдөн турган оор айыптарды койду. Анын ичинде кызмат абалынан кыянат пайдалануу, кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу, коррупция, жерди мыйзамсыз трансформациялоо, акча адалдоо, Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу жемкордук, бийликтин узурпациясы деген башка кинелер бар.
Андан кийин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети өз корутундусун берет.
Саат 16:00 чукул жыйынга Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттинин мүчөлөрү чогулмакчы.
Эртен Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу маселеге чеки коюлмакчы.