Бүгүн Жогорку Кенеште Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси кызматына Жаныш Рустенбековдун талапкерлигин жактырды.
Депутаттар аны өз ишинде кыргыз-тажик чек ара маселесине өзгөчө көңүл бурууга чакырды.
Рустенбеков өз кезегинде аларга ыраазычылыгын айтты. «Чек ара маселесинде жылыш жок болуп жатат, бардык маселелерди чечкенге колдон келген аракетимди кылам», — деди Рустенбеков.
Жаныш Рустенбеков буга чейин Кыргыз мамлекетинин Түркмөнстандагы элчиси болгон.га чейин 2014-жылдан тарта Тажикстандагы элчиси болуп Мирослан Ниязов кызмат кылган.