• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жогорку Кеңештин кызматкерлерин жулкулдатып, маданиятсыз сөздөрдү сүйлөгөн аял кармалды

4 Жалган куран 2020 22:57 Бишкек Govori.TV

2020-жылдын 4-март күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЭММКАКтын кызматкерлери тарабынан Бишкекте 2020-жылдын 2-мартында С. Жапаровдун тарапташтары өткөргөн митинг учурунда Жогорку Кеңештин кызматкерлерине жана өтүп бара жаткан жарандарга маданиятсыз сөздөрдү сүйлөп, коомдук тартипти жана жалпы кабыл алынган жүрүм-турум эрежелерин бузуу менен башка белгисиз аялдар менен кошо кол салган аял кишинин өздүгү такталып, ал 1973-жылы туулган Ч.Н. аттуу жаран Бишкек ШИИББге жеткирилди. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Андан сырткары бейбаштык аракеттери менен эч себепсиз мазактап, маданиятсыз сөздөрдү сүйлөп кол салышкан белгисиз аялдарга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрү үчүн арыз менен Жогорку Кеңештин кызматкерлери дагы кайрылган.

Азыркы учурда жаран Ч.Н. карата тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Топтолгон материалдын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилмекчи, тактап айтканда беренени квалификациялоо каралат.

Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 264-беренеси (массалык баш аламандык) менен сотко чейинки өндүрүш башталган.

Количество просмотров: 10367