• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Насыр Мусаев көз жумду

19 Теке 2020 13:48 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” партиясынын мурдагы депутаты Насыр Мусаев каза болду. Бул тууралуу аталган партиядан билдиришти.

Мусаев 1958-жылы Токмок шаарында төрөлгөн. Өлкөнүн туризм тармагын өнүктүрүү менен алектенип, Кыргызстандагы дунган ассоциациясынын вице-президенти болгон.

2018 – 2019-жылдар аралыгында «Кыргызстан» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Ага чейин Токмок шаардык кеңешинин депутаты болгон.

1978-жылы ПОШ фабрикасында техник-механик;

1988 – 1991-жылдары ПТУ-23 мекемесинде директордун орун басары;

1993 – 1996-жылдары «Интур-Азия» туристтик фирмасы;

1996 – 2001-жылдары «Жетиген» туристтик фирмасынын директору;

2001-жылдан бери «Ним Компани» ЖЧКнын директору кызматын аркалаган.

Govori. TV маалымат агенттигинин эмгек жамааты Насыр Мусаевдин көз жумгандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгыларын тең бөлүшөт.

Количество просмотров: 125