• Шаршемби 14 Чын куран 2021

Жогорку Кеңештин төрагасы айымдарды 8-март майрамы менен куттуктады

8 марта 2021 в 11:14 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 8-Март – Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

“Жогорку Кеңештин жана жеке өзүмдү атымдан жагымдуу жаз майрамы, 8-Март – Аялдардын эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктайм. Бул күн аялзаты менен байланышкан бардык жакшы касиеттерди, аруу тилектерди камтыйт. Анткени алар ар дайым аалам ажары, очок ээси, үй-бүлө куту болуп келет. Ошондой эле аялзат бизди бардык учурда колдоп, кыйын учурда жөлөп турган мээрман энебиз, асылкеч жарыбыз, жароокер кызыбыз болуп эсептелет. Андыктан сиздерге кажыбас кайратыңыздар, үй-бүлө коломтосун өчүрбөй, бизге кылган камкордугуңуздар үчүн ыраазычылык билдиребиз. Дагы бир жолу майрамыңыздар менен куттуктап, сиздерге түгөнбөс бакыт, бекем ден соолук, ишиңиздерге ийгилик, үй-бүлөңүздөргө ынтымак жана береке тилейм! Ушул күн сиздерге жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн эшигин ачып, жазгы жаркын маанай тартууласын!” – деп жазылат куттуктоодо

Количество просмотров: 55