• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жогорку Кенештин спикеринин иниси Талас ОИИБне жетекчи болду

3 Чын куран 201813:17 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 03.04.2018.Govori.TV.
Талас облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси болуп Алмазбек Жумабеков дайындалды. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна мекеменин басма сөз катчысы Динара Сарногоева билдирди.
Алмазбек Жумабеков буга чейин жетекчинин орун басары болуп эмгектенген, ал Жогорку Кеңештин төрагасы, «Кыргызстан» фракциясынын мүчөсү Дастан Жумабековдун бир тууганы.
Ал эми облустук ички иштер башкармалыктын мурдагы жетекчиси Ильяс Касымбаев ишиндеги кемчиликтер үчүн өткөн аптада жумуштан бошотулган.
Количество просмотров: 57