• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жогорку кызмат адамдары пара алуу фактысы боюнча кармалышты

19 Жалган куран 2021 9:40 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Ленин жана Свердлов райондорундагы Салык кызматынын жогорку кызмат адамдары пара алуу фактысы боюнча кармалышты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан фискалдык органдардын ишиндеги коррупциялык фактыларды аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө, ишкердик субъекттеринин салыктык чегерүүлөрүн мыйзамсыз төмөндөтүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурулгандыгы аныкталды.

«2021-жылдын 18-мартында салык төлөөдөн баш тартууга жардамы үчүн сыйлык катары 240 миң сом өлчөмүндө пара алуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Бишкек шаарынын Свердлов райондук МСКБ башчысынын орун басары «К.У.К» жана Бишкек шаарынын Ленин району боюнча МСКБ инспектору «У.А.А.» кармалышты. Аталган жогору кызмат адамдар жеке ишкерлер менен жең учунан сүйлөшүп алышып, жасалма документтерди колдонушуп, Кыргыз Республикасына импорттолуучу элге керектлүүчү товарларга салыктык салыктык чегерүү алынып салынгандыгы аныкталды. Учурда Мамлекеттик салык кызматынын органдарында ушул сыяктуу мыйзамсыз иш-аракеттердин фактыларын аныктоо жана мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.»,-деп айтылат маалыматта.

Кармалгандар УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Количество просмотров: 157