• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жогорку сот Аранованын өкүмүн өзгөрткөн жок

21 Баш оона 202414:05 Бишкек Govori.TV

21-августта Жогорку сот Каныкей Аранованынын адвокаттарынын кассациялык арызын карап, Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Фейсбуктагы билдирүүсү үчүн айыпталган Каныкей Аранованы Бишкектин Биринчи май райондук соту апрелдин аягында 120 миң сом айыпка жыгып, өзүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкаттын негизинде абактан чыгарган. Прокурор мындай чечимге каршы арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган.

28-июнда Бишкек шаардык соту Аранованы 3 жыл 6 айга эркинен ажыраткан. Ал Кылмыш-жаза кодексинин «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар» жана «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу») боюнча айыптуу деп табылган.

Количество просмотров: 144