• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Жогорку сот Атамбаевге козголгон ишти кайра кароого жөнөттү

14 Бирдин айы 202312:53 Бишкек Govori.TV

Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча экс-президент Алмазбек Атамбаевге козголгон кылмыш иши кайра кароого жөнөтүлдү. Мындай чечимди Жогорку сот чыгарган.

Маалым болгондой, мурдагы президенттин жактоочулары Жогорку сотко арыз менен кайрылышкан. Алар ишти жаңы ачылган жагдайлар боюнча кароо керектигин белгилешкен.

Белгилей кетсек, Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча 11,2 жылга эркинен ажыраткан.

Количество просмотров: 130