• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Жогорку Сот Атазовдун арызын карап, Алимбековдун пайдасына чечим чыгарды

22 Бештин айы 2021 15:35 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 22-декабрда Жогорку Сот парламент депутаттагына талапкер Шайлообек Атазовдун добуш сатып алуу боюнча доо арызын карап, буга чейинки соттун чечимин күчүндө калтырды.

Жогорку соттун чечиминин негизинде №8 Төлөйкөн округунан Нурбек Алимбеков депутат болуп келет.

Атазов 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо Нурбек Алимбековдун шайлоо штабы бир катар мыйзамсыз аракеттерге барган, добуш сатып алган деген негизде сотко кайрылган.

Буга чейин Бишкектин административдик соту Атазовдун арызы боюнча чечимди анын атаандашы, талапкер Нурбек Алимбековдун пайдасына чыгарган.

Количество просмотров: 106