• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жогорку Сот «Бишкек Паркта» өспүрүмдү зордуктады деген жаран боюнча үн катты

4 Кулжа 2020 19:17 Бишкек Govori.TV


Кыргызстандын Жогорку соту «Бишкек Парк» соода борборунун дааратканасында 13 жаштагы кызды зордуктаган окуя тууралуу маалымат таратты.

Жогорку Соттун билдирүсүнө карганда, аталган факт боюнча тергөө кызматкерлери тарабынан шектүүнү үй камагына алуу каралган. Иликтөөлөрдүн жыйынтыгынын документтери сотко өткөрүлүп берилген. Анын жыйынтыгы менен шектүүнүн аракетинен кылмыштын белгилери табылбаганына байланыштуу Биринчи Май райондук соту тарабынан Б.Ш. акталган. Ал эми Бишкек шаардык соту чечимди өзгөртүүсүз күчүндө калтырган. Учурда Бишкек шаардык прокуратурасынын көрсөтмөсү менен аталган жазык иши Жогорку Сотто каралуу алдында турат

Белгилей кетсек,бүгүн, 4-июнда депутат Айсулуу Мамашова парламенттин жыйынында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу «Бишкек Парк» соода борборунун дааратканасында 13 жаштагы кызды зордуктаган жигитти актаганын билдирген болчу.

Количество просмотров: 48