• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жогорку сот БШКнын даттануусун артка кайтарды

29 Тогуздун айы 2020 13:10 Бишкек Govori.TV

Жогорку сот Борбордук шайлоо комиссиясынын парламенттик кайра шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу кассациялык даттануусун кайра артка кайтарды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Бишкек шаардык административдик сотунун чечимине макул эместигин билдирген БШКнын кассациялык арызы 28-октябрда түшкөн. Бүгүн Жогорку сот мамлекеттик пошлина (товардан алынуучу салык) төлөнгөнү туурасында далилдер жок болгондуктан доо арызды кайра кайтарган. Азырынча БШКнын юристтери кайрадан датанаар-даттанбасы тууралуу маалымат жок.

Эске салсак, 4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, нааразылык акцияларынан кийин, 9-октябрда Боршайком анын баштапкы жыйынтыгын жокко чыгарган. Шайлоо ыплас өткөнүн билдирип чыккандардын митинги башаламандыкка айланып, 6-октябрда өлкөдө бийлик алмашкан. 22-октябрда Жогорку Кеңеште Конституцияны өзгөртүү жана президенттик, парламенттик шайлоолордун мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө мыйзам долбоору жыйынга катышкан 84 депутаттын 83үнүн макулдугу менен дароо үч окууда кабыл алынган. Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров сөз болуп жаткан конституциялык мыйзамга парламент кабыл алган күнү, 22-октябрда кол койгон.
Ага ылайык, конституциялык реформаны өткөрүү аяктаганга чейин парламенттик кайра шайлоо өткөрүлбөйт. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 1-июнунан кеч эмес дайындалышы керек.

Андан соң Бишкек шаардык административдик соту БШКнын токтомун жокко чыгарып салган. Судья комиссия парламенттик шайлоонун жыйынтыгын чыгарбай туруп кайра өткөрүүнү дайындаган деген жүйө келтирген. Бирок БШКнын юристтери ал чечимге макул болбой Жогорку сотко кайрылган.

Количество просмотров: 149