• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жогорку Сот Садыр Жапаровду 10 жылга соттоду

30 Чын куран 2019 17:41 Бишкек Govori.TV

Бишкек.30.04.2019.Govori.TV.

Бүгүн, 30-апрелде камакта отурган экс-депутат Садыр Жапаровдун иши жогорку сотто каралды. Сот отурумунда прокурор соттон Садыр Жапаровду 10 жылга эркинен ажыратууну өтүндү.

Буга чейин Садыр Жапаров 11 жылга эркинен ажыратылсын деген чечим чыккан. Бүгүн иши кайра каралып чыгып сот прокурордун өтүнүчүн эске алып, Садыр Жапаровду 11 жылдан 10 жылга мөөнөтү кыскартылсын деген чечим чыгарды.

Сот адилеттүү чечим чыгарат деген үмүт менен келген Жапаровдун тарапташтары соттун чечимине нааразы болуп отурумда кайра ызы-чуу салышты.

Саясатчы Садыр Жапаровдун иши боюнча соттук отурумга Жогорку соттун судьясы Шерали Камчыбеков төрагалык кылды.

Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен чыгып жүргөн Жапаров 2013-жылы «Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде камалган. 2018-жылы июнь айында экс-депутат 11 жыл алты айга кесилген.

Количество просмотров: 22