Бүгүн, 12-декабрда Бишкектин Жогорку соту мурдагы Башкы прокурор Аида Саляновага лицензия боюнча козголгон кылмыш ишин кайра карап чыгуудан баш тартты.
Ал эми Аида Салянова соттун өкүмү менен макул эмес.
«Мен ойлойм бүгүнкү чыккан өкүм акыркы чечим эмес. Эртеби-кечпи мен баарыбир акталам. Ал эми чыккан чечим соттук система үчүн уят. Эки күн мурун эле өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков сотторго эч ким таасир бербей турганын жана алар өздөрү чечим чыгара турганын белгилеген. Бирок мен буга ишенбейм»,-деди Салянова.
Жактоочу Рабига Сыдыкованын айтымында, экс-президент Роза Отунбаева жана өлкөдөгү бир катар адвокаттар ишти калыс кароо боюнча президентке кайрылган.
Эске салсак, Аида Салянова «2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген негизде айыпталган. Бишкектин Ленин райондук соту 2017-жылы аны беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Жазаны ал үчтөгү кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон.