Жогорку сот Сапар Исаковду тергөө бүткөнчө камакта калтырды
Жогорку сот Сапар Исаковду тергөө бүткөнчө камакта калтырды
24 Теке 201812:23 Бишкек Govori.TV
Бишкек.24.07.2018.Govori.TV
Бүгүн 24-июлда Жогорку сот мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун баш коргоо чарасын карап, райондук соттун аны тергөө аяктаганга чейин камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырды. Сот отуруму жабык эшик артында өттү. Бул туурасында Жогорку соттун басма сөз бөлүмү билдирди.
Эске салсак, 5-июнда мурдагы премьер Сапар Исаков Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө амалдары аяктаганга чейин камакка алынган. Ал «Коррупция» беренеси боюнча айыпталууда.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин тараткан расмий билдирүүсүнө ылайык, Сапар Исаков 2013-жылы президенттин аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси кызматында турган кезде «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорун ишке ашырууда өзүнүн саясий абалынан пайдаланган. Ал адамдардын бир тобу менен алдын ала белгиленген иш аракеттер аркылуу подрядчыны тандоо сынагында чет элдик компаниянын кызыкчылыктарын колдогон. Натыйжада мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарга ири көлөмдөгү чыгым келтирилген.