• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жогорку сот Сапар Исаковдун бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчүн карайт

29 Баш оона 20189:08 Бишкек Govori.TV

Бишкек.29.08.2018.Govori.TV.

29-августта Жогорку сотто мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакуновдун анын бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен жазылган арызы каралат. Бул тууралуу Исаков мүчө болгон Кыргызстан Социал-демократтар партиясы кабарлады.
Биринчи май райондук соту 31-июлда тергөөнүн өтүнүчү менен анын абактагы мөөнөтүн 5-октябрга чейин узарткан эле. Адвокат «Сапар Исаковду камакка алуу мыйзамсыз болгон» деп, анын абактагы мөөнөтүн өзгөртүү тууралуу кассациялык арыз менен шаардык сотко даттанган. Бишкек шаардык соту 9-августта Сапар Исаковдун бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырган. Токтакунов андан кийин Жогорку сотко да арыз берген.
Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоого байланыштуу кылмыш ишинин алкагында айыпталган мурдагы премьер-министр Сапар Исаков 5-июнда камакка алынган.

 

Количество просмотров: 32