• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Жогорку сот Текебаевдин иши боюнча мурунку соттук чечимдерди жокко чыгарды

21 Баш оона 201917:59 Бишкек Govori.TV

Бишкек.21.08.2019.Govori.TV.

Жогорку сот Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурунку чечимдерди жокко чыгарып биринчи инстанцияга кайтарды.

Эми Биринчи май райондук соту Текебаев менен Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайра карап чыгат.

Эске салсак, буга чейинки отурум 16-июлда болуп, иштин көптүгүнө байланыштуу териштирүү 21-августка калтырылган.

2018-жылы да юристтер ишти жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайра кароо тууралуу өтүнүч жиберген, бирок Башкы прокуратура аны аткаруудан баш тарткан.

Текебаев менен Чотонов орусиялык жарандан пара алды деген негизде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Экөө тең бул айыптоону ошол кездеги бийликтин саясий куугунтугу деп аташкан.

Количество просмотров: 23