• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жогорку сот Текебаевди мандатынан ажыратты

3 Жалган куран 2021 14:34 Бишкек Govori.TV

Жогорку сот 3-мартта «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге депутаттык мандаттын кайтарылып берилишине байланышкан ишти карады. Анда Бишкек шаардык сотунун чечими өзгөртүүсүз калтырылды.

Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт. Муну менен Өмүрбек Текебаев мандатынан кайра ажыратылды.

Саясатчы 2020-жылдын октябрь окуяларынан кийин кайрадан депутат болгон.

Бирок жарандык активист Темирлан Ормуков Текебаевге «мандат мыйзам бузуу менен ыйгарылган» деген негизде сотко кайрылган. Бишкектин административдик соту БШКнын мандатты кайтаруу тууралуу чечимин жокко чыгарган. Кийинчерээк Бишкек шаардык соту ал чечимди күчүндө калтырган.

БШК Текебаевге депутаттык мандатты кайтарып берүү мыйзамдуу болгонун белгилеп, быйыл 5-февралда Жогорку сотко даттанган. 3-мартта соттун жогорку инстанциясында ушул арыз каралып, канааттандырылган жок.

Количество просмотров: 149