• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Жогорку сотто бычакталган аялдын иши боюнча кеңешме өттү

22 Аяк оона 2023 9:49 Бишкек Govori.TV

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Чүй облусунун Селекция айылында бычакталган аялдын иши боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.

Кеңешменин жүрүшүндө маалым болгондой, Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун 2022-жылдын 19-октябрдагы токтому менен шектүү А.Э. карата жабырлануучу А.Н. зордуктоо фактысы боюнча кылмыш иш жабырлануучунун жазуу түрүндө берген тосмо арызынын, мындан тышкары, жабырлануучу сот отурумунда айыпталуучу менен элдешкендигине жана ага карата доосу жоктугу ырасталгандан кийин кылмыш иш өндүрүштөн кыскартылган. Аталган токтом эч ким тарабынан даттанылбай мыйзамдуу күчүнө кирген.

А.Э. карата дагы бир кылмыш иши Чүй облусунун Сокулук райондук сотуна түшкөн. Айыпталуучу зордуктоо фактысы менен беш жылга эркиндигинен ажыратылган. Ошол эле учурда сот айыпталуучунун улгайган көзү азиз апасы бар экендигин, ал кароого муктаж экендигин, ошондой эле айыпталуучу менен жабырлануучунун ортосунда эки бала бар экендигин эске алып, КР Кылмыш-Жаза кодексинин 82- беренесинин негизинде пробациялык көзөмөлдү колдонуп, ага карата үч жыл пробациялык мөөнөт белгиленген.

Жабырлануучу бул чечимге макул болбой, апелляциялык даттануу менен Чүй облустук сотуна кайрылган. Соттук иш 2023-жылдын 27-сентябрына белгиленген. Жыйынтыгы боюнча судьянын аракеттерине өзгөчө катуу баа берилет.

Эске сала кетсек, 20-сентябрда милиция Чүй облусунун Сокулук районундагы Селекция айылында аялын бычактоого шектелген 39 жаштагы жаранды кармаган. Шектүү аялынын мурдун, кулактарын кесип салган.

Жабырлануучу учурда ооруканада, ага 8 сааттай операция жасалды. Учурда абалы орто оор деп бааланууда.

Количество просмотров: 171