• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жогорку сотто Тажибек кызы менен Ишенбековдун иши каралып жатат

25 Бирдин айы 202511:53 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 25-февралда Жогорку сотто Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорлорунун жетекчиси, журналист Махабат Тажибек кызынын жана “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековдун иши каралууда.

Адвокаттар соттук коллегиядан айыпталгандарга чыккан сот чечими адилетсиз болуп калганын айтып, сот чечимдерин жокко чыгарууну суранышты.

Эске салсак, Бишкектин Ленин райондук соту былтыр 10-октябрда Махабат Тажибек кызын алты жылга, Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кескен. Бишкек шаардык соту 18-декабрда ошол өкүмдү күчүндө калтырган. Андан тышкары журналисттер Актилек Капаровго жана Айке Бейшекеевага үч жылдан пробациялык жаза чарасы да күчүндө калган.

Алар менен кошо айып тагылган жети журналист аракетинде кылмыш курамы жок деген негизде акталган.

Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорлорунда иштеген, жетектеген жана кызматташкан 11 журналист жана активист былтыр январь айында кармалган. Аларга “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылган.

Количество просмотров: 218