Жогорку Кеңештин профилдик комитетинин жыйынында Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков “жаш судьялар чуулгандуу иштерге аралашып жатат. Андыктан биз сот тармагында тазалоо жүргүзүүдөбүз”, — деди.
Базарбековдун айтымында, учурда сот тармагында тазалоо иштери жүрүп жатат. Жогорку соттун жетекчилиги системадагы кемчиликтерди жашырууну көздөбөйт.
«Ооруну кантип жашырсаң да, аны өлүм ачыкка чыгарат, унчукпай отурсак, биз кантип өнүгөбүз? Сот залында видеокамералар жөн эле бузулуп калып жатат, бирок, эл азыртан эле айтып жатат элден бир нерсени жашырууда деп».
“Мен эч качан туура эмес ишке аралашкан судьяларды жактабайм. Азыркы кезде керек болсо кичинекей баласы бар аял судьяларды кармап жатышат. Биз мыйзам бузган соттордон тазаланышыбыз керек. Туура эмес иштерге аралашкандар бул системага жакында эле кошулган жаш балдар. Мен алардын көбүн тааныбайм да, аларды жаңы соттор деп айтууга болот. Биз аларды кантип жашырабыз. Керек болсо мен силерди кармаганы жатат качып кеткиле дебейм да”, — деди Базарбеков.
Эске салсак, 2023-жылы ар кандай мыйзам бузуулар жана коррупция боюнча 8 судья иштен бошотулган.
Судьяны резонанстуу камакка алуулардын бири ушул жылдын 2-июлунда болгон. Чүй облустук сотунун судьясы К.У.Ж. кызматтык унаасы менен тергөө органдарынан из жашырууга аракет кылып, кырсыкка учураган.