• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жогорку Кеңеш майыптардын укуктары жөнүндө мыйзам долбоорун жактырды

24 Үчтүн айы 2019 9:19 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 24.01.2019. Govori.TV

Кечээ, 23-январда Жогорку Кеӊеште “Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун конвенциясын ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда колдоо тапты.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 1-январына карата Кыргыз мамлекетинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын саны 181 миң адамды түзгөн. Конвенцияга кол койгон учурдан тарта алардын саны 39 миң адамга көбөйгөн. «Конвенциянын ченемдерин ишке ашыруу үчүн алгачкы 10 жылда 6 миллиард 647 миллион сом керектелет. Анын ичинен иш-чараларга 1 миллиард 575 миллион сом билим берүүгө, саламаттыкты сактоого, маданий жашоого катышууга, эс алууга, спорт менен машыгууга, инфраструктураны жакшыртууга 5 миллиард 72 миллион сом керек болот», — деп жазылат маалыматта.  

Количество просмотров: 34