• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Жол эрежесин бузган автобустун беш айдоочусу иштен алынды

14 Жалган куран 202411:32 Бишкек Govori.TV

Бишкекте жол эрежесин одоно бузган автобустун беш айдоочусу иштен алынды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын» жол кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында жүргүзүлүп жаткан ишинин алкагында жол эрежесин одоно бузган коомдук транспорттун беш айдоочусу жумуштан четтетилип, 18 айдоочу 100% сый акысынан ажыратылды.

Эскерте кетсек, буга чейин жол эрежелерин одоно бузган 5 айдоочу жумуштан четтетилип, үч айдоочу сый акысынан ажыратылган.

Количество просмотров: 161