• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жол кайгуул кызматкери кафеден тамактанып, бирок акы төлөөдөн качкан

19 Кулжа 2018 12:44 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 19.06.2018. Govori.TV

Жол кайгуул  кызматкери кафеден тамактанып, бирок  акча төлөөдөн качып тамакка ыпыр-сыпыр кошуп салган. Бул тууралуу видеону фейсбук колдонуучусу Айбек Жаңыбаев аттуу жаран жарыялады.

Бул тасмадан  ЖКККБнын формасын кийин кызматкерлер  кафеде тамак ичип отурушкандыгын  жана алардын биринин колунан салфеткага оролгон кара нерсени көрүүгө болот.  Ал эми бир маалда аны тамакка салып туруп, официантты чакырып, догурунуп жаткан учур видеого тартылып калган.

Ал эми бул  окуя Боом капчыгайындагы тамактануу жайларынын биринде болгондугу айтылды.

Буга байланыштуу ЖКККББнын маалымат кызматы учурда  кызматтык иликтөө болуп жатканын жана   ал жактан милиционерлер тамакка акча төлөгөнүн, кафе администрациясынын аларга дооматы жок экенин кошумчалады.

https://www.facebook.com/kaiaibek/videos/1944124408984277/UzpfSTQxNzA5NzI0ODQxNTIxNzoxMDEyNDg1NjAyMjA5NzA5/

Количество просмотров: 17