Бишкектеги №7 автобустун айдоочусу 11 жаштагы окуучуну жол киресин төлөй албай калгандыктан транспорттон түшүрбөй койгон. Бул тууралуу 24.kg агенттигине окуучунун апасы билдирген.
Анын айтымында, уулу мектептен чыгып жолго деген акчасын жоготуп ийген. Карызга алып турганга да эч ким жок болчу, жанында телефону да болгон эмес. Автобуска олтуруп, өзүнүн аялдамасына жеткенде айдоочуга акчасын жоготуп алганын айткан. Ал эми айдоочу балага кыйкырып автобустан түшүрбөй койгон. Андан соң айдоочу автобусту буруп шаар жакка айдап кеткен.
«Биз Достук айылында жашайбыз. Ыйлап жаткан баламды Пригородныйга жеткенде кое бериптир. Автобустан түшкөн балам үйгө жөө келиптир. Караңгы да кирип кетиптир», — деп билдирген баланын апасы.
Ал эми Бишкек мэриясы бул маалыматты текшерип, аныктаган соң маалымат беришээрин айтышкан.