• Бейшемби 16 Бугу 2024
  • Четверг 16 Май 2024

Жол кырсыгы: Милициянын мойору, аялы жана 2 баласы көз жумду. Кырсыктын чоо жайы иликтенүүдө

17 Бештин айы 2017 23:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек—Ош унаа жолундагы кырсыктын кесепетинен 7 адам каза болуп, 3 адам ооруканага жаткырылды.

 

ОИИБдин маалыматына караганда, кырсык кечээ, 16-декабрда саат 19:00дөр чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 299-чакырымында, тактап айтканда Токтогул районунун Торкен айылында катталган. Анда Бишкек багыты көздөй бара жаткан «Хендай Клик» үлгүсүндөгү (мамлекеттик номуру Д 9694 Е) унаа карама-каршы багытта келе жаткан «Хонда Степвагон» үлгүсүндөгү (мамлекеттик номуру 01KG704ААS) унаа менен кагышкан.

 

«Хендай Клик» унаасын Токтогул РИИБдин ыйгарым өкүлү, милициянын майору, 1980-жылы туулган Түгөлбай уулу Нургазы башкарып бара жаткан. Ал эми «Хонда Степвагон» унаасын Аксы районунун Кызыл-Туу айылынын 1975-жылы туулган тургуну Артыков Кубанычбек Нурматович айдап келе жаткан. Кырсыктын кесепетинен жалпы 7 адам каза болуп, 3 адам ооруканага түшкөн. Окуя болгон жерде каза болгондор:


— «Хендай Клик» унаасынын айдоочусу Түгөлбай уулу Нургазы, анын 2005-жылы туулган кызы Түгөлбаева Мырзагүл Нургазиевна, 2017-жылы туулган уулу Түгөлбаев Бекмырза Нургазиевич;

— «Хонда Степвагон» унаасынын айдоочусу — Артыков Кубанычбек Нурматович, жүргүнчүсү — Аксы районунун Кызыл-Туу айылынын 1966-жылы туулган тургуну Дилдеев Касымкожо;

Ал эми «Хендай Клик» унаасынын жүргүнчүлөрү — Токтогул шаарынын 1963-жылы туулган тургуну Б.Сыдыкова жана 1980-жылы туулган тургуну Жетигенова Эльнора Сманкановна (Түгөлбай уулу Нургазынын жубайы) алган жараттарынан улам Токтогул аймактык оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө жеткирилгенден кийин каза болушкан.

Ошондой эле «Хонда Степвагон» унаасынын жүргүнчүлөрү — Аксы районунун Жылгын айылынын 1994-жылы туулган тургуну Э кызы А, Аксынын Кызыл-Туу айылынын 1985-жылы туулган тургуну К.С, Аксынын Кызыл-Туу айылынын 1979-жылы туулган тургуну Э.М жарат алышып, Токтогул аймактык оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

Окуя болгон жерде Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилигинин катышуусунда коммисия түзүлүп, Токтогул РИИБдин ыкчам тергөө тобу, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери жумуш алып барышты. Каза болгон атуулдарга соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Учурда жол кырсыгы боюнча кызматтык иликтөө жүрүүдө. Алдын ала маалымат боюнча жол кырсыктын келип чыгышына «Хонда Степвагон» унаасынын айдоочусу каттуу ылдамдыкта карама-каршы жол тилкесине чыккан.

Милиция кызматкери жөнүндө маалымат:
Токтогул шаарынын тургуну Түгөлбай уулу Нургазы 1980-жылы туулган, үй-бүлөлүү, 6 баланын атасы. Токтогул РИИБдин милициянын ага аймактык ыйгарым өкүлү, милициянын майору, Ички иштер органдарында 2003-жылдан бери иштейт.

Булак: Турмуш

 

 

 

 

Количество просмотров: 5