• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жол кырсыгы учурунда сууга агып кеткен Сагынбектин жансыз денеси табылды (видео)

18 Теке 2018 11:37 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 18.07.2018. Govori.TV
Кара-Балта суусуна агып кеткен 1992-жылы туулган А.уулу Снын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз борбору билдирди.
Маалыматта «17-июль күнү саат 15:38де маркумдун жансыз денеси суудан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлуп берилди»-деп жазылат.
Эске сала кетсек, 10-июль күнү  Чүй облусунун Жайыл районунда,  Бишкек-Ош унаа жолунун 105-чакырымында Кара-Балта суусуна «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаа түшүп кетип, кырсык болгон жерде 1992-жылы туулган  А. уулу С. сууга агып кеткен.
Куткаруу иштерине Жайыл райондук №22 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн (АӨКБ) 10 куткаруучу, КР ӨКМнин Панфилов райондук №2 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылган. Мындан сырткары издөө иштерине көмөк көрсөтүү максатында КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан  10 куткаруучу,  КР ӨКМнин №22 АӨКБдан 5 жана КР ӨКМнин Сокулук райондук №23 АӨКБдан 15 куткаруучу тартылган. КР ӨКМнен жалпы 45 куткаруучу тартылган.

Видео:Турмуш

 

Количество просмотров: 3