• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кыргызстанбы же кырсыкстанбы? Жол кырсыктары тууралуу үрөй учурган сандар {ЛОНГРИД}

15 Бештин айы 2017 17:04 Бишкек Govori.TV

Автор: Марат Тагаев

“Кыргызстанда жол кырсыгынан адам өмүрү кыйылды”. Мындай аталыштагы маалымат 6 миллион калкы бар Кыргызстан үчүн акыркы жылдары кадыресе көрүнүшкө айланган жаңылык. Кайгуул милициясынын маалыматы боюнча, 2017-жылдын башынан бери акыркы он айда 5 миңден ашуун жол кырсыгы катталып, кайтыш болгондордун саны 700гө чукулдады.

 

 

Өлкө боюнча өткөн жылдын он айына салыштырганда быйыл жол кырсыгы 8,3 пайызга өскөн. Кыргызстанда жол кырсыктарынан каза тапкандардын саны 2013-жылы эң жогорку чекке жетип, 1220 адам каза тапкан.

2017-жылдын акыркы он айында болгон жол кырсыктарынын 42 пайызы жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кетүүдөн болгон. 36 пайыз жол кырсыгына унаалардын сүзүшүүсү себеп. Ал эми 21 пайыз жол кырсыгына башка себептер болгон.

Борбор Азиядагы Америка Университетинин алдындагы айлана чөйрөнү коргоо жана өнүктүрүү борбору “Сорос” фонду менен биргеликте Кыргызстандагы жол кырсыктары жана анын себептери тууралуу иликтөө жүргүзүп,Бишкек шаарында сурамжылоо жүргүзүп көргөн. Ага ылайык:

Айдоочулук күбөлүктүн сатылуусу — ажалга билет

Кыргызстанда айдоочулар арасында жол эрежесин билбей эле, айдоочулук күбөлүктү жөн эле сатып алгандар тууралуу маселе көп жылдан бери көтөрүлүп келүүдө. Жол кыймылын көзөмөлдөгөн кызмат жол кырсыктарын иликтей келгенде, дал ушундай айдоочулардын жоопкерчиликсиздигинен башкалар жабыр тарткан учурлар көп дешет.

Мамлекттик каттоо кызматы билдиргендей, учурда өлкөдө эки жүздөн ашуун автомектеп бар. Алардын баарынын окутуу боюнча уруксат кагазын Билим берүү министрилиги тескейт. 2010-жылдан тартып айдоочуларды даярдоо мекемелерине лицензия берүү Билим берүү министрлигине өткөн. Ал эми окугандардан экзамен алып, айдоочулук күбөлүк берүү Мамлекттик каттоо кызматынын колунда.

Борбор Азиядагы Америка Университетинин алдындагы айлана чөйрөнү коргоо жана өнүктүрүү борбору “Сорос” фонду менен биргеликте жүргүзгөн иликтөөгө ылайык, сурамжылоого катышкан айдоочулардын 47 пайызы жол эрежеси тууралуу суроолорго жооп бере алган эмес.

Айдоочулук күбөлүктүн сатылуусунан сырткары жол кырсыгынын көбөйүшүнө Кайгуул милициясындагы паракорчулук да негизги себептердин бири. Бир канча жолу аты алмашылган кызматта реформа жасалбай келет. Премьер-министр Сапар Исаков дагы өз ишин бул кызматты жоюу менен баштады.

«Бардык пландаштырылган иш-чаралар жол коопсуздугун жакшыртууга багытталган. Бирок аны ишке ашыруу жай темпте жүрүүдө. Буга байланыштуу кезексиз кеңешме өткөрүлүп, Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгы жоюлду. Бул жөн гана орун алмаштыруулар болбостон, аталган ыкма аркылуу жаңы, сапаттык жактан мыкты кызматкерлерди ачык сынак аркылуу кызматка алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошондой эле биз аталган ведомстводо вертикалдык баш ийүүнү чыңдадык. Бул жол коопсуздугу тутумун башкарууну жакшыртуу үчүн зарыл процедуралык кадам болуп саналат»,-деди премьер-министр Сапар Исаков.

Мурда кайгуул милициясы деп аталган кызмат «Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүгү» деп иштеп баштады.

Борбор Азиядагы Америка Университетинин алдындагы айлана чөйрөнү коргоо жана өнүктүрүү борбору “Сорос” фонду менен биргеликте жүргүзгөн иликтөөгө ылайык, айдоочулардын 76 пайызы МАИ кызматкерлерине пара беришкен.

Жол кырсыктарын жөнгө сала турган Административдик жана Кылмыш-жаза кодекстери бар. Бирок, андагы жазылган жазалар жеңил болуп калган деген депутат Дастан Бекешов жазаларды катаалдатуу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыкты. “Учурда кылмыш кылган адамдар 100 миң сом айып төлөйт. Эркинен ажыратуу 3-5 жыл деп каралган. Биздин сунушубузда 5-7 жылга эркинен ажыратуу, айып пулду бир млн сомго көтөрүү каралды»,-деди мыйзам долбоорунун автору, КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешов.

ИИМдин маалыматы боюнча, жол кырсыктарынын көпчүлүгү айдоочулардын күнөөсүнөн болот.

Жол кырсыктарын азайтуунун дагы бир жолу — бул өлкөнүн ири шаарларында “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашыруу. Бирок, бул долбоор 2012-жылдан бери ишке ашпай келет. 2017-жылы “Акылдуу шаар” долбоору мамлекеттик “Таза коом” программасынын тогуз долбоорунун бири болуп кирди. Премьер-министр Сапар Исаков жүз күндүк ишинин жыйынтыгын чыгарып жатып, негизги убакыт “Акылдуу шаар” жана Бишкек-Ош, Бишкек-Чолпон-Ата жолдоруна видео көзөмөл коюу боюнча иштерге жумшалганын айтты.

Ошондой эле “Акылдуу шаар” долбоору мамлекеттик органдарга берилбестен, жеке компанияларга берилерин 11-декабрда айтты.«Акылдуу шаар» доолборун Huawei компаниясы ишке ашырышы мүмкүн экендигин Байланыш жана маалымат технологиялары мамлекеттик комитетинин башчысы Нурбек Абасканов билдирди.

Октябрь айында жол кырсыгынан кыргыз өкмөтүнүн коопсуздук боюнча вице-премьер-министри Темир Жумакадыров жана анын жардамчысы, айдоочусу каза тапкан. Темир Жумакадыров дал ушул жол кырсыктарын азайтуу боюнча өкмөттүк топту башкарып жаткан эле.  2017-жылдын ноябрь айынын эки аптасында эле жол кырсыгынан 50гө жакын кишинин каза тапканы коомчулуктун үрөйүн учурду.

Кыргызстан соңку жылдары адам өлүмүнө алып келген жол кырсыктары боюнча дүйнөдө алдыңкы орундардан түшпөй келет. Жол кырсыктарынан көп кишилердин каза таап жатканы өлкөнүн парламентинде да талкууланган. Бирок жол кырсыктарын кыскартуу, алдын алуу боюнча демилгелердин көбү сөз жүзүндө келатат.

Дүйнө жүзүндө жылына жол кырсыгынан 1 миллион 250 миң адам мерт кетет. 50 миллион адам ар кандай жаракат алышат. Ал эми кичинекей Кыргызстанда жылына 1000дин тегерегиндеги адам жол кырсыгынын кесепетинен набыт болушу бул маселеге өзгөчө көңүл бурууга мезгил жеткенинин далили.

Жогорудагы сататистикалардан улам коррупцияны кыскартуу үчүн профилактикалык иштерди, жол кырсыктарынын жеңил-ооруна карабастан бардыгын каттоого алууну, эреже бузуучулардын бирдиктүү базасын түзүүнү жана “Коопсуз шаар” проектисин инфраструктураны өнүктүрүү менен катар ишке ашыруу зарылдыгын белгилейт.

Ал эми жол кырсыктарынын алдын алуу үчүн жол коопсуздугун караган милиция кызматкерлериндеги паракорчулукту азайтуу, Кыргызстандын автопаркын жаңылоо, айдоочулардын жол эрежесин билүүсүн өстүрүү жана ыңгайлуу коомдук транспортторду түзүү сыяктуу бир катар зарыл иштерди аткаруу керек.

Эң негизгиси, унаага отурган айдоочу өзүнүн гана эмес, коомдун алдында жоопкерчиликтүү экенин унутпашы керек.

 

 

Количество просмотров: 313