• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Жол кырсыгы көбөйүүдө. Кайгуул кызматы айдоочуларды эрежелерди так сактоого чакырат

12 Теке 202118:17 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматы жол кырсыктарынын алдын алуу үчүн айдоочуларга бир катар эрежелерди так сактоого чакырат.

Аталган кызматтан билдиришкендей, айдоочулар төмөнкү эрежелерди аткарышы керек:

  • Авто унаага отурганда сөзсүз коопсуздук курун тагынуу зарыл;
  • Авто унааны башкаруу учурунда башка нерсеге алагды болуп же чөнтөк телефонду колдонууга тыюу салынат;
  • Мас абалында авто унаа башкаруу көптөгөн кырсыктардын жана кылмыштардын башталышы экендигин унутпаңыз;
  • Аралыкты сактаңыз;
  • Ылдамдыкты көрсөтүлгөн белгиден ашырбаңыз;
  • Унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып айдабоо зарыл;
  • Эң негизгиси унаага отурарда унаанын техникалык абалына көңүл бурганыңыз оң.
Количество просмотров: 170