• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жол кырсыгын жаратып качып кеткен айдоочу кармалды

26 Бирдин айы 2021 11:35 Бишкек Govori.TV

2021-жылдын 25-февральда болжол менен саат 10:00 чамасында Бишкек шаарынын Ленин районунда кызыл түстөгү “Toyota Camry” үлгүсүндөгү авто унаа жол кырсыгын жаратып, окуя болгон жерден качып кеткен. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалымат боюнча, юул боюнча Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматынын өздүк курамына аталган авто унааны издеп табуу боюнча багыттама берилген.

Кайгуул кызматынын өздүк курамы тарабынан багыттамадагы авто унааны издеп табуу тууралу иш-чаралар жүргүзүлүп, көп өтпөй Махатма Ганди жана Түлебердиев көчөлөрүнүн кесилишинен “Toyota Camry” үлгүсүндөгү авто унаанын А.И. атуу айдоочусу кармалып, Бишкек ШИИББнын жол кырсыктарын тергөө боюнча Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Ал эми авто унаа убактылуу токтоочу короо жайга киргизилген.

Количество просмотров: 249