• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Жол кырсыгына кабылган курсанттардын абалы айтылды

28 Баш оона 20229:56 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер институтунун курсанттары аскердик ант бергенден кийин «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин аймагында жол кырсыгына кабылышты. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

«Ар кандай жараат алган 9 жабырлануучу биринчи жардам көрсөтүлгөндөн кийин Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун медициналык мекемелерине жаткырылды, калгандары аскер госпиталында аскер дарыгерлеринин көзөмөлүндө, абалдары канааттандырарлык», — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча кызматтык иликтөө дайындалды.

Количество просмотров: 4147